Жаңылыктар
«Соода согушу» дүйнөлүк экономикага кандай таасир тийгизет?
Дүйнө
«Соода согушу» дүйнөлүк экономикага кандай таасир тийгизет?

"Чоң жыйырмага" кирген мамлекеттер ушул жыл аягында дүйнөлүк экономиканын деңгээли өсөрүн боолголошуп, бирок АКШ менен Кытай ортосундагы «соода согушу» буга тоскоолдук жаратышы мүмкүн экенине тынчсызданышууда. 

Жапониянын каржы министри Таро Асо 8-июнда журналисттерге, «Кытай менен АКШ ортодогу соода талашын чечип алышса, дүйнөлүк экономика үстүбүздөгү жылдын экинчи жарымында көтөрүлөт», - деп билдирди. Ал мындай билдирүүнү Жапониянын Фукуока шаарында өткөн «Чоң жыйырмага» мүчө мамлекеттердин соода жана каржы министрлеринин, банк жетекчилеринин эки күндүк саммитинен кийин жасады.

АКШ Президенти Дональд Трамп жана Кытайдын лидери Си Цзиньпин бул маселени ушул ай соңунда Осако шаарында өтө турган «Чоң жыйырманын» саммитинде талкуулашарын айтышкан.

Эки держава ортосундагы соода талаш дүйнөлүк экономиканын өсүшүнө 0,5% кыскартуу коркунуч жаратарын буга чейин Эл Аралык Валюта Корунун башчысы Кристина Лагард да эскерткен.