Жаңылыктар
Бишкектеги жапырт мушташтын катышуучулары изделүүдө
Кырсык
Бишкектеги жапырт мушташтын катышуучулары изделүүдө

Бишкекте жапырт мушташтын катышуучулары изделип жатканын шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди. Буга чейин социалдык тармактарда жапырт мушташ тартылган видео тараган. 

Окуя 9-июнда баш калаадагы №3 кичирайондогу кафелердин биринин жанындагы автоунаа токтотуучу жайда болгону айтылган. Бишкек шаардык милициясынын маалыматына караганда, мушташ боюнча эч ким арыз менен кайрыла элек. 

Видео боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталганы, Жазык кодексинин 266-беренеси («Бейбаштык») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганы кабарланды.