Жаңылыктар
Нарында ашуулардын биринде катуу бороондо малчы каза болду
Аймак
Нарында ашуулардын биринде катуу бороондо малчы каза болду

Нарын облусундагы  Көнөк ашуусундагы  бороондон Соң-Көл жайлоосуна  мал айдап чыккандардын  бири каза болду.   Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.  

Маалыматка ылайык, 8-июнда  Туз айылынын 5 тургуну Соң-Көл жайлоосун көздөй мал айдап чыгышкан.  Алар  Көнөк ашуусуна  жеткенде  туман түшүп, бороон болгон.  Табигат  кубулушунан  малчылар адашып ашууну аша албай калышкан. 51 жаштагы  жарандын кан басымы жогорулап, суукка туруштук бере албай көз жумган.   

Мындан сырткары 30 кой, 3 жылкы  жардан кулап кеткен.  9-июнь күнү  малчылардын  туугандары жардам сурап жерине  куткаруучу,  медицина кызматкери  барып, бороондо калгандардын биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн.