Жаңылыктар
Үркөр жылдызы чыккыча үлгүрүп, кымыз ичип калыңыз
Ден соолук
Үркөр жылдызы чыккыча үлгүрүп, кымыз ичип калыңыз

Нарында кымыздын сезону кызып турган убагы. Жайлоодогу малчылардын үйү толуп, желенин жанынан жылуулай сүт ичкени келген адамдардын саны да арбын. Мисалга, Ат-Башы районуна барчу жолдун жээгинде жайгашкан “Гүлдөй бер” өрөөнүндө быйыл кымыздын сезону өзгөчө. Тактап айтканда, жылкы желеге келгенден тарта, кеч киргенге чейин адамдардын аягы үзүлбөйт. Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун жээгинде жайгашкан бул журтту Асановдордун үй-бүлөсү жайлайт.

Ал эми үй-бүлөнүн кол арага жарап калган баласы Нурсултан 4-классты аяктады. Күнүгө минтип, бөтөлкөлөргө кымыз куюп жол жээгине сатыкка коет. Бир литр кымызды жүз сомдон сатып, жаңы окуу жылы башталгыча кийим-кечесине акча чогултууну көздөп жатат. Ал бир күндө он литрге чейин сатып жетишет.

Үйдүн кожоюну Өмүралы мырзанын айтымында, учурда кымыздын сезону күчүнө кирип турган убагы. Келип сүт ичип, эс алып кеткен коноктордун да аягы үзүлбөйт. Эки желе жылкы байлап, кымыздын сезону аяктагыча ушул жайда отуруп, андан соң айтылуу Ак-Сай жайлоосуна чыгып кетишет. Эмки жылы Өмүралы Асанов атайын кымыз менен дарылануучу бардык шарты менен жай ачууну көздөп жатат. Учурда желенин жанына келип, жылуулай сүт ичкендер арбын. Анткени “Үркөр” жылдызы чыккычакты бээнин сүтү болгон дартка даары болот.

Эки үйүр жылкыдан күнүнө он беш литрден ашык сүт саап алышат. Түйшүк оңой эмес. Саамалдын даамы сабоодон көз каранды экен. Аны канча бышса, ошончолук даамы ооздон кетпеген суусундукка айланат. Эл да аны тамшанып ичет.

Үркөр жылдызы чыга электе үлгүрүп, кастарлуу жаныбар жылкынын сүтүн ичсе, даарылык касиети көп болот. Андыктан азыр Нарында кымыздын сезону кызыды.