Жаңылыктар
Салык кызматын өнүктүрүү стратегиясы бекитилди
Экономика
Салык кызматын өнүктүрүү стратегиясы бекитилди

2019-2021-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматын өнүктүрүү стратегиясы бекитилди. Өкмөттүн токтомуна Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.  

2019-2021-жылдарга Салык кызматын өнүктүрүү стратегиясы салыктык башкаруунун дистанттык  ыкмаларын киргизүү жана өнүктүрүү боюнча тапшырмаларды ишке ашыруу аркылуу мындан ары карай салыктык башкарууну жакшыртууга  жана натыйжалуулугун жогорулатууга  багытталган.

 Документти ишке ашыруу башкаруу процедураларын жеңилдетүү жана салыктык милдеттерди салык органдарынын кызмат адамы менен түз байланышсыз, электрондук түрдө аткаруу мүмкүнчүлүгүнүн негизинде салык төлөөчүлөр үчүн бизнес жүргүзүү шарттарын жакшыртууну камтыйт.