Жаңылыктар
Молдованын президенти кызматынан четтетилди
Дүйнө
Молдованын президенти кызматынан четтетилди

Молдованын Конституциялык соту президент Игорь Додонду президенттик кызматынан четтетип, анын милдетин премьер-министр Павел Филипке өткөрүп берди. Бул тууралуу  BBC  жазды. 

Конституциялык сот бул кадамга парламентти таратып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыялоо максатында барган. Бир нече сааттан кийин убактылуу президенттин милдетин аткаруучу Павел Филип парламентти таркатуу боюнча документке кол койду.

Буга чейин парламент Молдованы коррупцияга баткан өлкө катары таануу боюнча декларацияны кабыл алган. Ал эми президент Додон өлкөдө туруктуулукту жоготуп алуу коркунучу бар экенин айткан.

Игорь Додон менен өкмөттүн пикир келишпестигине сырткы саясат таасир этип жатканын айткан.