Жаңылыктар
БУУнун Дүйнөлүк азык–түлүк программасынын Талас облусунда иш-аракеттери
Аймак

Маймак айыл-өкмөтүндөгү Шукурбеков мектебинде балдарга ысык тамак

берилет

Шукурбеков мектеби Талас облусунун, Кара Буура районунун Маймак айылында жайгашкан жана мектеп окуучуларына ысык тамак берилген 23 мектептердин бири. Япония ассоциациясы тарабынан каржылоо аркылуу Шукурбеков мектебине 20дан ашык 3 700 АКШ долларга жабдуулар берилген, анын ичинде суу кайнаткычтар, духовкалар, электрикалык плиталар баары жалпысынан. 

Бүгүнкү күнгө чейин, 60тан көп башталгыч мектептин окучуларына сүт ботко, шорпо, экинчи тамактар, айран жана башка суусундуктар жумасына 5 жолу берилет.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мектептин ашканасын ремонт кылганга жана мекеп инфраструктурасын оңдогонго 4,900 АКШ долларын бөлүп берген.


Шукурбеков мектебинин ашпозчулары сапаттуу азыктарды колдонуп, аш болумдуу тамак жасаганга окутулган. Мектеп башкармалары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мектеп тамагын башкаруу боюнча тренингдерге катышышкан.

Ата-энелер жана мугалимдер бирикмеси өз ыктыяры менен мамлекеттик каражатты толуктоо үчүн айына 250 сом салым кошушат (азык-түлүккө гана). Бул салым мектептин менюсун ар тараптуулугун жана тамактануу туруктуулугун камсыз кылуу милдетин колдойт.

Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык–түлүк программасынын (БУУ ДАТП) Талас облусунда иш-аракеттери: мектеп окучуларын тамак-аш менен камсыздоо, кесиптик билим аркылуу кичи дыйкандарды колдоо, айылдын инфраструктурасын жана айыл чарба өндүрүшүн жакшыртуу, табигый кырсык коркунучтарын азайтуу, киреше алып келүү аракеттер, климаттын өзгөрүүсүнө ылайыкташуу.