Жаңылыктар
Ошто 2010-жылдагы июнь окуясынын курмандыктары эскерилди
Кыргызстан жаңылыктары
Ошто 2010-жылдагы июнь окуясынын курмандыктары эскерилди

Өткөндөн сабак алып, тынчтыкты, ынтымакты, биримдикти көздүн карегиндей сактоо керек. Мындай пикирлер Ош шаарындагы “Энелердин көз жашы” мемориалдык комплексинде, 2010-жылдагы июнь окуясынын курмандыктарын эскерүүгө карата уюштурулган митинг-реквием учурунда айтылды. Ага, вице-премьер-министр Замирбек Аскаров баштаган бийлик өкүлдөрү, июнь окуясында жакынын жоготкондор, ар улуттагы диаспора өкүлдөрү жана жөнөкөй шаар тургундары катышты. 

Алгач, маркумдарга багышталып, куран окулуп, бата кылынды. Чыгып сөз сүйлөгөндөр, өлкөдө улуттар арасындагы биримдикти, ынтымакты сактоо маанилүү экенине токтолушту. Алар - эзелтеден эриш-аркак жашаган эки элдин мамилеси учурда жаңы баскыча көтөрүлдү. Кыргыз-өзбек чек арасында бири-бирине каттаган элдин агымы күн санап күч алып жаткандыгы да айтылды. 

Эскерүү иш-чарасынын алкагында, июнь окуясынын жабыр таркандар жашаган аймактарда куран окулуп, түлөө өткөрүлдү.

"Этностор аралык мамилени бекемдөө биринчи орунда турат. Бул боюнча президенттин, премьер-министрдин тапшырмасы менен ар убак иш-чаралар өтүп турат",- деди вице-премьер-министр Замирбек Аскаров