Жаңылыктар
Нуртай Борбиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Нуртай Борбиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү кинооператор Нуртай Борбиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Маркум менен коштошууга анын жакындары, бийлик өкүлдөрү жана маданият ишмерлери катышты. 

Борбиев “Ак илбирстин тукуму”, “Кошой Таш”, “Махабат закымдары”, “Маңкурт” өңдүү айтылуу фильмдерди тартып, “Саманчынын жолу”, “Көчө” тасмаларында болсо роль аткарган. 

Кино ишмери 8-июнь күнү 82 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Маркумдун сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду.