Жаңылыктар
Опера жана балет театрында алгачкы жолу "Манас" операсы көрсөтүлөт
Маданият
Опера жана балет театрында  алгачкы жолу  "Манас" операсы көрсөтүлөт
 11-12-июнда   Бишкектеги опера  жана балет театрында  алгачкы жолу  "Манас" операсы көрсөтүлөт.   Бул тууралуу “Биринчи радиого” туз эфир учурунда маданият , маалымат жаан туризм министри  Азамат Жамангулов билдирди. Анын белгилешинче, 11-июнь күнү Улуттук  Филармонияда  манасчы Жусуп Мамайдын бюсту ачылат.

 "Манас" операсы Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга  мамлекеттик визитинин алкагында коюлат.  

Ал эми 14 – июнда Гапар Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм өнөр музейинде Шанхай кызмтташтык уюмуна мүчө, байкоочу мамлекеттердин, КМШ жана Орто Азия өлкөлөрүнүн алдыңкы сүрөтчүлөрүнүн катышуусунда “Көп кырдуу цивилизация – Бирдиктүү сапар” аталышындагы сүрөт көргөзмөсү өтөт.