Жаңылыктар
Ысык-Көлдө 19 киши эттен ууланып, учурда териштирүү иштери жүрүүдө
Ден соолук
Ысык-Көлдө 19 киши эттен ууланып, учурда териштирүү иштери жүрүүдө

Бүгүн, 10-июнда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу аймактык ооруканасына тамак-ашка ууланган 19 киши кайрылды, алардын төртөө балдар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

"Кайрылгандардын бирөө кайта жандандыруу бөлүмүнө жаткырылса, 11 киши Ак-Суу райондук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө. Жети киши амбулатордук дарыланууга чыгарылган", — деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, кайрылган бейтаптар кыз узатуу тоюна барышкан. Учурда бардыгы дарыгерлердин көзөмөлүндө жана керектүү дары-дармек менен камсыздалган.

Райондук санитардык эпидемиологиялык борбору тарабынан тийиштүү текшерүүлөр жүрүп жатат. Тамак-аштан атайын анализдер алынды.