Жаңылыктар
Ашхабадда инсулин толук өлчөмдө сатыла баштады
Ден соолук
Ашхабадда инсулин толук өлчөмдө сатыла баштады

Түркмөнстандын мамлекеттик дарыканаларында инсулин сатуу толугу менен калыбына келтирилди.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы Ашхабадда инсулинди бир нече дарыкана сата баштаганын кабарлады.“Бүгүн таанышым майып карындашына инсулин сатып алды. Маселе жок. 3 ампула жазышкан экен, дарыканадан 3 ампула беришти”, – деди.

Түркмөнстанда инсулинди мамлекеттик дарыканалар медициналык кепилдиги бар жарандарга рецептин негизинде бекер берет.

Бул өлкөдө кант диабети менен жабыркагандар үчүн өтө зарыл болгон инсулин май айынан бери тартыш боло баштаган. Мамлекеттик дарыканаларда узун кезек жаралып, дары дарыгер жазган рецептен аз өлчөмдө берилип турган.

Препарат жеке дарыканаларда сатылбайт.