Жаңылыктар
Бүгүн футбол боюнча Кыргызстан-Палестина курамалары беттешет
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн футбол боюнча Кыргызстан-Палестина курамалары беттешет

 Бүгүн, 11-июнда Кыргызстандын жана Палестинанын футбол боюнча курама командасы оюн талаасында беттешет. Жолугушуу борбордогу Д.Өмүрзаков атындагы башкы стадиондо болот.

Жолдоштук беттешке кыргызстандыктар башкы даярданууну 3-июнда башташкан.

Кыргызстандын курамасынын жана «Дордой» клубунун жарым коргоочусу Антон Землянухин алган жаракатынан улам Палестинанын футболчулары менен болгон жолдоштук беттешке катышпайт. Анын ордуна «Абдыш-Ата» клубунун жарым коргоочусу Алимардон Шүкүров ойнойт.

Буга чейин Кыргызстан менен Палестинанын курама командалары 5 жолу оюн өткөргөн. Анда кыргызстандык команда 2 жолу, ал эми Палестина бир жолу жеңишке жеткен. Ал эми эки оюн тең чыгуу менен аяктаган.

Белгилей кетсек, бул оюнду КТРК СПОРТ каналы түз алып көрсөтөт.