Жаңылыктар
Кулматов менен Ибраимовдун жактоочулары сот отурумуна келген жок
Коррупция
Кулматов менен Ибраимовдун жактоочулары сот отурумуна келген жок

11-июнда Бишкектин Ленин райондук сотунда борбордун мурунку мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча сот отуруму өтүп жатат. Жактоочулар жок болгондуктан процессти жылдыруу пландалууда, бирок отурумдун күнү жана сааты белгилене элек.

Айыпталуучулардын тарапташтары ишти өзүнчө бөлүүнү талап кылышууда. Судья жарым саатка тыныгуу жарыялады.

Сот Калыс-Ордо конушундагы мектептин имаратын грант аркылуу куруу иштерине байланыштуу Бишкектин мурунку мэри Кубанычбек Кулматовго козголгон кылмыш ишин карап жатат. Ушундай эле кылмыш иши мурунку мэр Албек Ибраимовго да козголгон.