Жаңылыктар
Бишкекке кытайлык артисттер келди, алар «Манас» операсын коюшат
Маданият
Бишкекке кытайлык артисттер келди, алар «Манас» операсын коюшат

«Манас» эл аралык аэропортунда Кытай Эл Республикасынын борбордук опера театрынан келген чыгармачыл топту — 100дөн ашык адамды тосуп алышты. Алар 11-12-июнь күндөрү А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында «Манас» операсын коюшат.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, буга чейин Кыргызстанга аталган театрдын техникалык тобу келип, учурда театрда операны коюу үчүн жасалгалоо, жарык берүү жана уюштуруу иштери жүрүп жатат.