Жаңылыктар
Чет өлкөлүк студенттерди талап тоноо факты боюнча шектүүлөр кармалды
Кылмыш
Чет өлкөлүк студенттерди талап тоноо факты боюнча шектүүлөр кармалды

Индиянын жана Пакистандын жарандарын тоноого  шектүүлөр кармалды. Алардын арасында 25 жаштагы кыз бар экенин ички иштер  министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, май айынан бери  Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында Пакистандын жана Индиянын жарандарын карактап, тоноо боюнча бир нече факт катталган. 

1-майда белгисиз адамдар Чүй проспектисиндеги үйлөрдүн  бирине  кирип, Пакистандын жаранына  күч колдонуп, 1 миң 600 долларын жана буюмдарын тартып алып, качып кетишкен. 20-майда  болсо Тыныстанов көчөсүндөгү  дагы бир турак-үйгө 5 белгисиз адам Индиянын  студенттерин бычак менен коркутуп, 40 миң сом, 2 ноутбук жана 6 уюлдук телефон алып кетишкен. 

Ушундай эле фактылар Абдрахманов, Үмөталиев көчөлөрүндө  дагы  катталган.

Кылмышка  шектүүлөр кармалып,  кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн баары мурда соттолгону аныкталды. Алардын 4  Ысык-Көл облусунун Бостери айылынын аймагында кармалды.

Учурда кылмыш иштерине тиешеси бар башка шектүүлөрдү кармоо боюнча иш-чаралар жүрүп жатат.