Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун жыйынтыгын жарыялады.
Ага ылайык, Касым-Жомарт Токаев шайлочулардын 70,96% добушуна ээ болду.
Президенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча маалымат жыйында Касым-Жомарт Токаев ант берүү аземи качан болору тууралуу айтканын Zakon.kz жазды. Токаев эгер Боршайком расмий отчетту жарыяласа, инаугурация 12-июнда өтөрүн билдирген.
Эскерте кетсек, 9-июнда Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо болгон.