Жаңылыктар
Президент Жээнбеков Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү
Саясат
Президент Жээнбеков Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 11-июнда, Президент  Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.  Өлкө башчылар  Шанхай Кызматташтык Уюмунун мамлекет башчыларынын Саммитине катышуу үчүн Кыргыз Республикасына Владимир Путиндин боло турган визити, ошондой эле эки жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.