Жаңылыктар
Ош: Улуу Үркүндү утурлап
Билим
Ош: Улуу Үркүндү утурлап

Ош шаарында 1916-жылдагы Улуу үркүнгө арналган илимий-тажрыйбалык жыйын өткөрүлдү. Иш-чарага Кыргызстандын, Туркия менен Россиянын окумуштуу-тарыхчылары катышты. Белгилүү болгондй, быйыл үркүндүн 100 жылдыгы расмий белгиленет.  

Борбордук Азия элдеринин эгемен мамлекетти калыбына келтирүү жолундагы тарыхый күрөшү”. Мынай аталыштагы эл аралык илимий-тажырыйбалык жыйын бүгүн Ош шаарында болуп өттү. Тарых илимдеринин доктору Кыяс Молдокасымовдун пикиринде, Элдик көтөрүлуштүн себептери менен кесепеттери толук иликтенип бүтө элек. Анткени, буга чейин бул тарыхый окуяга мамлекет тарабынан колдоо болгон эмес

Тарых - өткөндөн сабак алып, жаңы жаңылыштыктарга жол бербөө менен келечекке карай ишенимдүү кадам деген ойлорун илим изилдөөчүлөр билдирет. Белгилүү генерал Михаил Скобелевдин урпагымын деген Новосибирсктеги Университеттин профессору Сергей Скобелевдин пикиринде, тарых барактарындагы “ак тактарды” толуктоо зарыл.

16-жылдагы окуяны белгилөөнү биринчилерден болуп, Кыргыз АССР Элдик кеңештин комиссарларынын төрагасы Жусуп Абдырахманов көтөрүп чыккан. Тилекке каршы, Абдырахмановдун бул аракети “улутчул” деп сыпатталган. Андан соң, Үркүндүн 75, 90-жылдыктары ошол учурдагы бийлик башындагылардын эмес, активисттердин демилегелери менен уюштурулган. Алардын бири, уюштуруу иштерине катышкан Сабыр Муканбетов.

Эскерте кетсек, быйыл Үркүндүн 100 жылдыгы белгиленет. 1916-жылдагы улуттук боштондук кыймылынын курмандыктарына арналып Ата-Бейит мемориалдык комплексине эстелик орнотулат.