Жаңылыктар
Улуу манасчы Жусуп Мамайдын айкели орнотулду
Маданият
Улуу манасчы Жусуп Мамайдын айкели орнотулду

Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын маңдайында "Манас" эпосуна арналган комплекс улуу манасчы Жусуп Мамайдын бюсту менен толукталды. Айкелди Тургунбай Садыков жасаган.

Улуттук аспапта ойногон чакан оркестр, Абдымомунов атындагы академиялык драма театрынын актёрлору менен манасчылар. Мына ушулар залкар манасчы Жусуп Мамайдын бюстунун ачылышынын көркүн ачты. Мында Семетейден үзүндү коюлду. Тагыраагы Каныкейдин Букарга барганы, Тайторуну төлгө салып чаптырганы жана Семетейдин Ала-Тоого келиши баяндалат.

Жусуп Мамайдын бюсту Сагымбай Орозбаков менен Саякбай Каралаевдин айкелинин ортосунан орун алды. Маданият кызматкерлеринин айтымында, залкар манасчынын айкекелинин коюлушу, болгондо дагы кыргыз маданиятынын ордосу болгон улуттук филармониянын алдында болушу манасчылык өнөрдүн жогору бааланышы. Анткени "Манас" эпосунда кыргыз элинин тарыхы, тили, эзелтен бери келе жаткан үрп-адаты камтылган. Эпостун кылымдар бою ооздон-оозго өтүп келишине Чоюке, Шапак, Жаңыбай, Сагымбай, Молдобасан, Саякбай жана Жусуп Мамай сыяктуу манасчылардын салымы зор, деп баса белгиленген президенттин куттуктоосунда.

Манасчы Жусуп Мамай 1918-жылы Чыгыш Түркстандагы, азыркы Кытай Эл Республикасынын Шинжаң-Уйгур автономиялык районундагы Ак-Чий деген жерде төрөлгөн. Бардык манасчылардай эле Жусуп Мамай да "Манас" айтып калышына түшүндөгү аян себеп болот. Ал Кыргызстанга бир нече жолу келген. Биринчи сапары 1992-жылы манасчы Сагымбай Орозбаковдун 125 жылдык мааракеси, экинчиси 1995-жылы "Манас" эпосунун 1000 жылдык мааракесинин ардактуу коногу катары чакырылган. Вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекова Жусуп Мамайды Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы достукту жана маданий кызматташтыкты ырааттуу өнүктүрүүгө данакерлик кылган инсан катары белгиледи.

Жусуп Мамайдын вариантында окуялардын берилүү тартиби, баяндоо ыкмалары көркөмдүк жагынан өзгөчөлөнүп турат. Ошондой эле жер-суунун аттарында жана образдарды сүрөттөөдө айырмачылыктар бар. 1984-1995-жылга чейин, анын варианты боюнча Манастын сегиз бөлүмү 22 китеп болуп жарык көргөн жана кытай тилинде эки китеби басылып чыккан. Манастан тышкары "Эр Төштүк", "Курманбек", "Толтой", "Көбөк", "Мамаке-Шопок", "Жаңыл-Мырза", "Тутан" сыяктуу кенже эпосторду да жакшы билген. Иш-чарага келген чебереси Тургунаалы кубанычын эки тилде билдирди.

"Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасы жана Кытайдын эң жогорку сыйлыктарынын бири - "Тоо Гүлү" сыйлыгына эки жолу татыган. Залкар манасчы Жусуп Мамай 2014-жылы манасчы Кытайдагы Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусуна караштуу Ак-Чий кыштагындагы ооруканада оорудан улам көз жумуп, сөөгү Ак-Чийде жерге берилген.