Жаңылыктар
LalaConf: шериктеш өлкөлөрдүн ишкерлери тажрыйба алмашышты
Экономика
LalaConf: шериктеш өлкөлөрдүн ишкерлери тажрыйба алмашышты

Шериктештикке кирген өлкөлөрдөн келген ишкерлер менен тажрыйба алмашуу болуп, ири пландарды ишке ашырууга шарттар түзүлдү. Lala Conf аталышындагы конференцияга Россия, Украина, Азербайжан, Казакстан сыяктуу алдыңкы өлкөлөрдөн өкүлдөр келип, ишкерлик жаатында кеңири баарлашуу уюштурушту.

Өлкөнүн экономикалык жактан өсүп-өнүгүшүнө ишкерлердин да таасири чоң. Алардын такшалып, тажрыйба топтошуна жана ишкерлик жаатында ийгиликтерди жаратуусуна мындай иш- чаралар эң мыкты аянтча болуп бермекчи. Пайдалуу иш-чаранын катышуучулары бизнес жаатындагы кызыктуу окуялары менен ийгилик сырларын ортого салышты. Көрүлүп жаткан бул аракеттер ишкерлер менен катар Кыргызстандын да өнүгүүсүнө пайдасын тийгизсин деген ойлор айтылды. 

Эң башкысы- сатуу жана киреше табуу боюнча ири маселелер эң жеткиликтүү түшүндүрүлүп, суроо-жооп ирээтинде эркин баарлашуу болду. Ар бир ишти баштоодон мурда максатты туура коё билип, тобокелчиликтен качпоо керек.

Forbs журналынын аныктоосу менен дүйнөдөгү эң бай адам деп табылган Украиналык миллионер Евгений Черняк да конференциянын ардактуу коногу. "Big Money" каналында киреше табуунун, акча жасоонун сырларын үйрөткөндой,бул жолу да жаш ишкерлерден баа жеткис кеңештерин аяган жок. Эргүү менен жан дүйнөсүнөн чыккан сөздөргө жаш ишкерлер эле эмес келген катышуучулардын бардыгы муюп, ишин илгерилетүүгө бел байлашты. Кыргызстанда биринчи жолу өткөн иш-чаранын мындан аркы да келечеги кең болуп, өзүбүздүн ишкерлер менен катар өнөктөштөргө да өрнөк болуусун уланта берсин деген тилектер айтылды.