Жаңылыктар
Кыргызстан менен Палестинанын футболчулары 2:2 эсебинде тең чыгышты
Спорт
Кыргызстан менен Палестинанын футболчулары 2:2 эсебинде тең чыгышты

11-июнда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы палестиналык футболчулар менен жолдоштук беттеште күч сынашып, 2:2 эсебинде тең чыкты. Кыргызстанга таандык голдорду Турсунали Рустамов менен Бекжан Сагынбаев киргизди. Биринчи таймда 1:0 эсеби менен Кыргызстан алдыга чыккан. 

Экинчи таймда Бекжан Сагынбаев гол киргизип, бирок көп өтпөй Палестина курама командасы эсепти 2:1 кылууга жетишти. Оюн бүтөрүнө саналуу секунда калганда палестиналыктар пенальтиде гол киргизип, эсепти теңеп кетти. Беттеш Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кечки саат 20:00дө башталган. 

Бул Кыргызстандын курама командасынын Азия кубогунан кийинки өз талаасында өткөрүп жаткан алгачкы беттеши. Буга чейин Кыргызстан менен Палестинанын курама командалары өз ара беш жолу беттешип, эки ирет тең ойношсо, эки ирет Кыргызстандын жеңиши менен аяктап, бир жолу жеңиш Палестинанын курама командасы тарабында болгон.