Кытай ишкерлери Кыргызстанда азык-түлүктү кайра иштетүүчү ишканаларды курууга кызыкдар.
Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев, Цзянсу Кытай эл аралык техникалык кызматташуу компаниясынын директору Ванг Бин Чейрмен баштаган ишкерлер менен жолугушуусунда белгиленди.
Жолугушууда тараптар азык- түлүктөрдү экспорттоо, импорттоо жана азык-түлүктөрдү сактоочу, кайра иштетүүчү ишканаларды куруу боюнча пикир алышты.
Кыргызстан 2018-жылы Кытайга алча экспорттогон. Быйыл коон жана башка азык-түлүктөрдү чыгаруу пландаштырылууда.