Жаңылыктар
Орусияда Айтматовдун элесине арналган көкбөрү боюнча турнир өтөт
Спорт
Орусияда Айтматовдун элесине арналган көкбөрү боюнча турнир өтөт

Бүгүн, 12-июнда Орусиянын Сергиев Посад шаарында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган эл аралык көкбөрү боюнча турнир өтөт. Ага Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Москва шаарынан төрт команда катышат. Мелдеш Сергиев Посад шаарында “Орус дүйнөсү” фестивалынын алкагында өтүп жатат. 

Мелдешке катышуу үчүн буга чейин Кыргызстандан “Атуул” командасы жөнөп кеткен. Кыргызстандык көкбөрүчүлөр турнирге катышуу үчүн Бишкектен өз аргымактарын ала кеткен. “Атуул” командасы славян улутундагы көкбөрүчүлөрдөн түзүлгөн кыргызстандык команда. Көкбөрү федерациясы эл аралык турнир көргөзмө иретинде өтүп жаткандыктан, “Атуул” командасын жөнөтүү чечимин кабыл алган.

“Орус дүйнөсү” фестивалынын алкагында өтүп жаткан Чыңгыз Айтматов атындагы турнир бүгүн кечинде аяктайт