Жаңылыктар
Ишкерлер үчүн жаңы жеңилдиктер
Экономика
Ишкерлер үчүн жаңы жеңилдиктер

Президент Алмазбек Атамбаев “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Ага ылайык, өлкөдө жаңы ачылган ишканалар 3 жылга чейин ар кандай текшерүүлөрдөн бошотулат. Мындан тышкары, мамлекеттик органдардын ишканаларга болгон көзөмөлү бир күндүн ичинде эле аягына чыгат. Ал эми санитардык эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын текшерүүсү мындан ары - алдын ала билдирүүсүз жүргүзүлөт.  

Мыйзамга ылайык, күч структуралары башкы прокуратуранын уруксааты менен гана текшерүү жүргүзүүгө милдеттендирилди. Ал эми жаңы ачылган ишканалар 3 жылга чейин текшерүүлөрдүн бардык түрүнөн бошотулмай болду. Ал арада санитардык эпидемиологиялык көзөмөл кызматы жылына эки гана жолу, алдын ала билдирүүсүз эле текшерүү жүргүзө алат. Бул кадам жарандардын ден соолугуна кам көрүү максатында жасалууда. Белгилей кетсек, өлкөдө көзөмөлдөөчү 13 мамлекеттик орган бар.

“Коррупциялык схеманы азайтып, ачык-айкындыкты орнотуу максатында автоматташтырылган схема түзүлүп жатат. Ага ылайык, ар бир мамлекеттик көзөмөл органы жылдык текшерүү планын түзөт. Ал ачык болот жана сайтка жайгаштырылат. Жылдын жыйынтыгы менен текшерүү кандай болгонун көзөмөл органы ачык-айкын ишкерлерге маалымат берет”,- деп Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев билдирди.

Ишкерлер да текшерүүлөр боюнча өз пикирин “Проверка кейжи” сайты аркылуу билдирсе болот. Адистер ырастагандай, эми мыйзамды иш жүзүнө ашыруу талабы күч.

“Биздин мыйзамдарыбыз Орто Азия өлкөлөрүнө караганда аябай эле жакшы. Бирок иштетүүгө келгенде иштебей калып жатат. Маселен, Бишкекте мыйзамдар жакшы иштегени менен региондордо ишкерлерибиз маалыматтык ваакумда туруп, көп нерсени укпай, билбей калат. Ага таянып, милиция, өрт өчүргүч, санэпид. болобу баары эле келип текшере берет”,- дейт ЖИА бизнес-ассоциациясынын төрагасы Умбриэль Темиралиев.

Андыктан, ар бир ишкер өз укугун билип, президенттин мыйзамы менен жакындан таанышууга тийиш, дешет - талдоочулар.