Жаңылыктар
Казакстандын жаңы шайланган президентинин инаугурациясы өтүүдө
Саясат
Казакстандын жаңы шайланган президентинин инаугурациясы өтүүдө

Казакстандын жаңы шайланган президенти Касым-Жомарт Токаевдин инаугурациясы бүгүн Нур-Султан шаарында өтүүдө. Белгилей кетсек, инаугурацияга башка өлкөнүн бир да президенти чакырылган эмес.

Эске салсак, Казакстанда президенттик шайлоо 9-июнь күнү өтүп, Токаев шайлоочулардын добушунун 70,96 пайызын алган. Шайлоодон үч күн өткөндөн кийин эле жаңы президенттин инаугурациясы өтүп жатат. 

"Президент эл алдында казак тилинде ант бергенден кийин дароо мамлекет башчылык ишине киришет. Инаугурацияга парламенттин депутаттары, Конституциялык кеңештин мүчөлөрү, Жогорку соттун судьялары жана өлкөнүн мурдагы президенттери катышат", — деп кабарланган маалыматта.

Токаевдин инаугурациясы шашылыш өтүп жатканынын себеби - Бишкектеги ШКУ саммитине өз статустунда барышына шарт түзүү экени айтылууда.