Кыргызстандын эркин күрөш боюнча кыз-келиндер курама командасы Россияда машыгууда.
Балбан кыздар Айсулуу Тыныбекова менен Мадина Надирова дүйнө чемпионатына, калгандары жаштар арасындагы Азия чемпионатына даярданып жатышат.
Дүйнө чемпионаты 14-22-сентябрь күндөрү Казакстанда өтүп, Токиодогу Олимпиада оюндарына жаңы лицензиялар ойнотулат.
Ал эми жаштар арасындагы Азия чемпионаты Таиландда өтөт. Машыгуулар 22-июнда аяктайт.