Кыргызстанга расмий визит менен келген Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулганын катышуусунда Монголиянын Элчилигинин ачылышы өтөт. Баттулга расмий сапарынын алкагында «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине дагы барат.
Учурда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Президент Сооронбай Жээнбеков менен Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулганын расмий жолугушуусу өтүүдө.