Жаңылыктар
Экономикалык маселелер тиешелүү кызыкчылыктарды эске алуу менен чечилиши керек
Экономика
Экономикалык маселелер тиешелүү кызыкчылыктарды эске алуу менен чечилиши керек

Экономиканын актуалдуу маселелери мамлекеттин жана бизнестин кызыкчылыгын эске алуу менен чечилиши керек. Бул туурасында Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынында билдирди. 

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, Кеңештин буга чейинки чечимдерин аткаруу боюнча 2019-жылдын 29-январындагы 8 чечимдин ичинен бешөө аткарылган. Алардын ичинде байланыш операторлоруна курулуш үчүн уруксат кагаздарын берүүдө негизсиз талаптарды жана алтын кенин чыгарып кетүүдө кен компанияларына техникалык корутунду берүү мөөнөттөрүн четтетүү бар. 

Мындан тышкары, виртуалдык көзөмөл-кассалык машиналарды колдонуу, техникалык талаптарга жооп бербеген тамак-аш продукцияларын алуу жана жок кылуу чечимдери ишке ашырылууда.

«Бул бизнести өнүктүрүү, бизнес-климатты жакшыртуу жана инвестицияларды тартуу боюнча биз таасирдүү чараларды көрүп жатканыбызды айтып турат. Айрым маселелер жылдап чечилбей келген. Биз бул багыттагы иштерди улантууга ниеттенүүдөбүз. Бирок, бизнес-коомчулуктан кыйла активдүү болууну жана четтетүү үчүн орун алган кемчилдиктерди көрсөтүүнү өтүнөбүз», – деди премьер-министр.