Жаңылыктар
ТИМ: АКШнын Мамлекеттик департаментинин докладына баа берилди
Саясат
ТИМ: АКШнын Мамлекеттик департаментинин докладына баа берилди

АКШнын Мамлекеттик департаментинин адам укуктарына байланыштуу баяндамалары бир жактуу жана жеке кызыкчылыктын негизинде жазылат. Бул тууралуу жергиликтүү серепчилер, мамлекеттик департаменттин Кыргызстан боюнча жарыя кылган отчетуна баа берип, бул өлкөдө саясий кырдаалга таасир этүү максатында даярдалганын билдиришти. 

Буга чейин баяндамага Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги да жооп кайтарып, берилген баалар одоно, саясий өңүтү бар жана маалыматтар бурмаланган деп эсептээрин билдирген. 


Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаменти дүйнөдөгү адам укуктарынын абалы боюнча докладын 14-апрелде жарыялады. Анын ичинде Кыргызстан боюнча 36 барактан турган баяндама жарык көрдү.

Мамдепартамент докладында мыйзамсыз камакка алуулар, жогорку кызмат адамдарынын жоопкерчиликке тартылбай жатканы жана бийлик тараптан бейөкмөт уюмдарына болгон кысымдар тууралуу баяндаган. 

Тышкы иштер министрлиги Мамлекеттик департаментке адам укуктары боюнча анализ жүргүзүүнү АКШ менен салыштырып кароону сунуштаган. Кошмо штаттары кыйноолордун очогу болгон Гуантанамо түрмөсү тууралуу сөз кылбай, мындан сырткары Сирия, Ливияга бүлүк салып, анын кесепетинен азыр канчалаган адамдар бозгун болуп жүргөнүн эскерткен. Андыктан Мамдепартаменттин доклады мамлекеттик саясий системага басым жасоо аракети, саясий шантаж катары кабылданганы белгиленет.