Жаңылыктар
Талапка жооп бербеген май куюучу жайларга айыптар салынууда
Кыргызстан жаңылыктары
Талапка жооп бербеген май куюучу жайларга айыптар салынууда

Акыркы убактарда май куючу бекеттерден чыккан өрт кырсыктары көп катталып жаткандыктан, алардын коопсуздугун текшерүү күчөдү. Бул тууралуу экологиялык техникалык инспекциянын өрткө каршы башкармалыгы билдирди. 

Ушул тапта жалпы республика боюнча миңге чукул май куюучу бекет бар болсо, алардын жарымы текшерүүдөн өтүп бүттү. Жыйынтыгында талапка жооп бербеген жайларга эскертүүлөр берилип, 1 миллион сомдон ашык айыптар салынды. Ушул тапта өлкө аймагындагы АЗСтердин санын кайрадан тактоо боюнча текшерүү иштери уланууда. Мунун бардыгы коопсуздукту алдын алууга багытталат.

“Учурда текшерүү иштери уланууда. Эми анын жыйынтыгы менен өрткө каршы коопсуздук боюнча кандайдыр бир мыйзам долбоор иштеп чыгабызбы, ошону ойлоп жатабыз”,- деди Экотехинспекциянын өрткө каршы башкармалыгынын башчысы Таалайбек Өмүрзаков.