Жаңылыктар
Кыргызстан - Монголия: cаясий кызматташтык жаңы деңгээлге чыкты
Саясат
Кыргызстан - Монголия: cаясий кызматташтык жаңы деңгээлге чыкты

Президент Сооронбай Жээнбековдун жана Монголия Президенти Халтмаагийн Баттулганын расмий жолугушуу аземи болду. «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында чет элдик мамлекеттердин башчыларынын жана делегацияларынын салтанаттуу жолугушуусун өткөрүү үчүн «Ак-Кеме» салтанат жайында Кыргызстандын жана Монголиянын мамлекеттик желектери илинип, Ардактуу кароол тизилген. Мамлекет башчылары Ардактуу кароолду кыдырып чыгышты жана расмий делегациялардын мүчөлөрү тааныштырылды.

Кыргызстан менен Монголия мамлекетинин ортосундагы cаясий кызматташтык жаңы деңгээлге чыгып жатат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Монголиянын президенти Халтма агийн Баттулга менен кеңири курмадагы жолугушуусунда билдирди. Мамлекет башчысы мындан сырткары, эки тараптуу соода-экономикалык жана маданий гуманитардык кызматташууну өнүктүрүү зарылчылыгын белгиледи. 

Президент Монголиянын Кыргызстандагы Элчилигинин ачылышы менен өз ара мамилелер жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүлөрүн кошумчалап, өз кезегинде Кыргызстан дагы Монголияда дипломатиялык өкүлчүлүгүн ачуу маселесинин үстүндө иштеп жатканын белгиледи. 

Ошондой эле, лидерлер эки өлкөнүн тоо кен өнөр жай тармагы, айыл чарба, туризм мамлекеттик органдардын ишмердигин санариптештирүү жаатындагы кызматташтык маселелерин талкуулашты. Эки элдин ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү маселеси да унутта калган жок. Сооронбай Жээнбеков Монголия президентинин Кыргызстанга расмий визити кыргыз-монгол достук мамилелерин жана кызматташтыкты бекемдөөдө жана өнүктүрүүдө чоң кадам болуп калганын белгиледи.