Жаңылыктар
ШКУ: бизнес-форумдар өлкөнүн экономикасына кандай пайда алып келет?
Экономика
ШКУ: бизнес-форумдар өлкөнүн экономикасына кандай пайда алып келет?

ШКУ саммитинин алкагында кыргыз-кытай жана кыргыз-индия бизнес-форуму болот. Анда ири көлөмдөгү инвестициялык келишимдерге кол коюлушу күтүлүүдө. Дүйнөдөгү абройлуу уюмдун саммиттин алкагында өтүүчү бизнес-форумда соода-экономикалык багыттагы алаканы да тереңдетүүгө жол ачылаары айтылууда. 

Мисалы: кыргыз-кытай бизнес-форумунда Кытайдан Кыргызстанга инвестиция салууга кызыкдар 100гө чукул компаниянын өкүлдөрү катышмакчы. Ушундай эле экономикалык алакага негиз боло турган кыргыз-индия форуму да болмокчу.