Жаңылыктар
Бишкекте Монголиянын элчилиги расмий ачылды
Саясат
Бишкекте Монголиянын элчилиги расмий ачылды

Элчиликти Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков ачты. “Монголиянын элчилиги Бишкектеги Эркиндик бульвары менен Жибек жолу проспектисинин кесилишинде жайгашкан. 

Мурда бул жерде монгол өлкөсүнүн консулдугу бар эле. Бир канча мүнөттөрдөн соң, Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга менен Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков келип, элчиликти салтанаттуу түрдө ачышат”.
Кыргызстанда Монголиянын элчилигинин ачылышын монгол өлкөсүнүн башчысы Баттулга тарыхый окуя деп атады. Мекеменин түптөлүшү - кыргыз-монгол мамилелерин жаңы баскычка көтөрөөрүнө ишенимин билдирди.