Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин мамлекеттик визит менен Кыргызстанга келди. Бийик даражалуу мейманды "Манас" аэропортунан Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.
Мамлекеттик визитинин алкагында Си Цзиньпин эртең 13-июнда Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков менен кеңири курамда жолугат жана анын жыйынтыгында эки тараптуу кызматташууга багытталган бир катар документтерге кол коюлат. Кытай төрагасынын расмий визитинин алкагында кыргыз-кытай бизнес форуму дагы өтөөрү күтүлүүдө.
Си Цзиньпин Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги жыйынына да катышат.
Белгилей кетсек, 2018-жылы Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасына мамлекеттик визит менен барган. Кытай лидеринин биздин өлкөгө болгон визити ага жооп катары болду.