Жаңылыктар
Өкмөт ишкерлерди колдойт
Экономика
Өкмөт ишкерлерди колдойт

Сооронбай Жээнбеков экономика министри Арзыбек Кожошевди кабыл алды. Министр өкмөт башчыга өлкөдөгү макроэкономикалык көрсөткүчтөр, фискалдык жана инвестициялык саясат тууралуу маалымат берди. 

Премьер ушул жылдын май айында аткаруу бийлиги жана экспортер-ишкерлердин ортосундагы ачык баарлашууну уюштуруу максатында кичи жана орто бизнес өкүлдөрүнүн катышуусундагы бизнес-форум өткөрүү тапшырмасын берди. 

Ошондой эле кепилдик фонддорду түзүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууну тездетүүнү тапшырды, мындан тышкары алыскы чет өлкөлөргө айыл чарба продукцияларын сатуу рыногун өздөштүрүү боюнча ишти активдештирүү милдетин койду.