Жаңылыктар
Жогорку Кеңеш экс-президентке жооп кайтарды
Саясат
Жогорку Кеңеш экс-президентке жооп кайтарды

Парламент депутаттары Атамбаевдин митингдеги билдирүүлөрүн кескин сынга алышты. Эл өкүлдөрү мурдагы мамлекет башчысынын айткандарын кезектеги чектен чыккан кадам катары сыпаттап, ШКУнун саммити өтөөр алдында митинг уюштурганын элди да, чет элдик меймандарды да сыйлабастык катары баалашты.

8-июнь күнү болгон митингде экс-президент кескин билдирүүлөрдү жасап, өзүнүн камактагы тарапташтары негизсиз айыпталып жатканын айткан. Ошондой эле эл өкүлдөрүн да катуу сындаган эле. Парламент анын билдирүүлөрүн жоопсуз калтырган жок.