Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин мамлекеттик визит менен Кыргызстанга келди.
Си Цзиньпин Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги жыйынына да катышат.
Белгилей кетсек, 2018-жылы Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасына мамлекеттик визит менен барган. Кытай лидеринин биздин өлкөгө болгон визити ага жооп катары болду.