Жаңылыктар
Улуттук банк: элдин колунда каражат көбөйдү
Экономика
Улуттук банк: элдин колунда каражат көбөйдү

1-июнга карата элдин колундагы каражат 95,2 миллиард сомдон ашты. Бул туурасында Улуттук банк билдирди. 

Жүгүртүүдөгү акча — бул насыялык уюмдардын кассаларында калган каражатты эске алуу менен эсептелген элдин каражаты. Кеп улуттук валюта туурасында гана болуп жатат. Улуттук банктын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, бул — финансылык регулятордун маалыматтары жарыялана баштаган 2007-жылдан берки рекорддук көрсөткүч. 

Май айында жүгүртүүдөгү акча дээрлик 2,6 миллиард сомго өскөн. Буга чейинки рекорд 93,5 миллиардан бир аз ашыгыраак суммасы менен быйылкы жылдын 1-январында байкалган.