Жаңылыктар
Кайгуул милициясына талапкерлер тестирлөөдөн өтүшөт
Билим
Кайгуул милициясына талапкерлер тестирлөөдөн өтүшөт

Кайгуул милициясы кызматына сынакка катышкан талапкерлер 17-июнда тестирлөөгө чакырылууда. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы маалымдагандай, сынактын катышуучуларын Бишкек шаары Валиханов көчөсү 1а/1 дарегиндеги Ички иштер министрлигинин Академиясында күтүшөт. 

Тестирлөө эртең менеки саат 8:00дө башталат. Белгилеп коючу жагдай, сынактын катышуучулары тестирлөө үчүн алдын ала «ДЕМИР БАНК» ЖЧК 1180000058426340 эсебине 200 сом төлөөгө тийиш.

Талапкердин жанында паспорту же башка өздүгүн аныктаган күбөлүк жана ЖРТ тест үчүн төлөмдүн дүмүрчөгү болушу керек.