Жаңылыктар
Имамдар кыйган нике каттоого алынат
Кыргызстан жаңылыктары
Имамдар кыйган нике каттоого алынат

Кыргызстандын имамдары баш кошкон жубайларга нике кыйса мындан ары нике каттоо журналына жазууга милдеттүү болот. Муфтий Максатбек Токтомушев 12-июнда Бишкек жана Чүй облусундагы имамдарга нике каттоо журналдарын тапшырды. Муфтий шарияттык никени катташ үчүн дин кызматкерлери үйлөнүп жаткандардын паспортун талап кылып, 18 жашка толгондорго гана нике кыя аларын эскертти:

- Эки жыл мурда мыйзам кабыл алынган. Имамдарга 18 жашка чыга электерди билбей никесин кыйып коюп, камалып кетпесин деп эскертүү берилген. Биз да силерге ошол талапты буйрук иретинде жеткиргенбиз - деди Максатбек Токтомушев. Журналдын негизинде квартал сайын муфтиятка катталган нике тууралуу отчет берилип турат.

3 миң нуска менен басылып чыккан журналдар 12-июндан 3-июлга чейин Кыргызстандын бардык аймактарындагы имамдарга окутуу иштери жүргүзүлгөндөн кийин тапшырылат.