Жаңылыктар
Мыйзамсыз ташылып бараткан 30 тонна күйүүчү май кармалды
Кылмыш
Мыйзамсыз ташылып бараткан 30 тонна күйүүчү май кармалды

Тажикстанга аткезчилик жол менен бараткан 30 тонна күйүүчү май кармалды. Финансы полициясынан билдиргендей, дизел майын мыйзамсыз ташуу Лейлек районунда орун алган.

Маалыматка караганда, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү УКМК кызматкерлери менен биргеликте аймакта рейд өткөргөн. Анын жүрүшүндө Лейлек районунда Кыргызстандан Тажикстанга 30 тонна дизел майын мыйзамсыз ташып бара жаткан «КамАЗ» үлгүсүндөгү эки автоунаа кармалган. Автоунаалар жүгү менен айып аянтчасына киргизилди.