Жаңылыктар
Валентина Шевченко UFC уюмунун рейтингинде бир сапка жогорулады
Спорт
Валентина Шевченко UFC уюмунун рейтингинде бир сапка жогорулады

Кыргызстандык UFC чемпиону Валентина Шевченко акыркы беттешинен кийин аталган уюмдагы рейтинги бир сапка жогорулады. Спорттук промоушендин тизмеси Чикагодогу UFC 238 турниринин жыйынтыгы менен чыгарылган.

Узаган аптада Шевченко америкалык Жессика Айды экинчи раундда башка тээп, чемпиондук наамын коргоп калган. Атаандашы оор соккудан өзүнө бир топтон кийин келген. Спортчу буга чейин UFC уюмунун 15 мыкты мушкеринин катарына кирип, акыркы саптарда турган. Соңку кармашынан кийин ал мурдагы чемпион Тайрон Вудлинаны артка калтырып, 13-орунга илинди. Тизменин сап башында адаттагыдай эле оор салмактагы чемпион Даниэль Кормье, экинчиде жарым оор категориядагы курдун ээси Жон Жонс турат. Үчүнчү катарда россиялык Хабиб Нурмагомедов, ал эми тогузунчу орунда ирландиялык Конор Макгрегор турат. Шевченконун эзелки атаандашы Аманда Нуньес тизмеде алтынчы болуп келе жатат.

Кыргызстандык мушкер өз салмагында абсолюттук чемпион бойдон калууда.