Жаңылыктар
Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди Кыргызстанга келди
Саясат
Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди Кыргызстанга келди

Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди расмий сапары менен Кыргызстанга келди.

Жогорку даражалуу конокту «Манас» эл аралык аба майданынан вице-премьер-министр Замирбек Аскаров тосуп алды. Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылар Кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Расмий сапардын алкагында Нарендра Моди Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугушат.


Эки мамлекеттин башчынын жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге коюлаары күтүлүүдө.