Жаңылыктар
Кыргызстанга Беларусь Президенти Александр Лукашенко келди
Саясат
Кыргызстанга Беларусь Президенти Александр Лукашенко келди

Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко бүгүн, 13-июнда, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди.

«Манас» эл аралык аэропортунан Беларусь Президентин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.