Жаңылыктар
Жапониядагы жер титирөө 5 күндө 600 жолу кайталанды
Дүйнө
Жапониядагы жер титирөө 5 күндө 600 жолу  кайталанды

Жергиликтүү маалымат булактарынын маалыматына ылайык 14-апрелден бери Жапониядагы жер титирөөнүн саны 600 жолу кайталанган. Силкинүү күчү негизинен Кумамото жана Оита префектураларында байкалып жатат. Жер силкинүү токтобогондуктан жергиликтүү бийлик тургундарды сак болууга чакырууда. 

Эске салсак мындан 5 күн мурун 14-апрелде Кюсю аралынын борбордук бөлүгүндө күчү 7,3 баллга жеткен жер силкинүү катталып,миңдеген үйлөрдүн, көпүрөлөрдүн жана унаа, темир жолдордун кыйроосун жараткан.

 Ошол күндөн бери аз күчтөгү жер титирөөнүн саны дагы эле токтой элек. Акыркы маалыматтар боюнча каза болгондордун саны 44 адамга жеткен. Жарадар болгондордун саны 1000ден ашса, 94 миң тургун үйлөрүн таштап, эвакуация боло турган аймакка жайгашты.

Булак:://rian.com.uа