Көк бөрү боюнча кыргызстандык команда Россиядагы эл аралык турнирдин жеңүүчүсү аталды. Чыңгыз Айтматовдун кубогуна арналган көк бөрү боюнча эл аралык турнир 12-июнда Сергиев Посад шаарында өттү. Анда Кыргызстан, Россия, Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрүнүн командалары күч сынашты. Кыргызстандан «Атуул» командасы жарым финалда Москва командасын утуп алды. Финалдык таймашта Тажикстан командасын 6:1 эсеби менен жеңди.