Жаңылыктар
Пакистандын Премьер-министри Имран Хан Бишкекке келди
Саясат
Пакистандын Премьер-министри Имран Хан Бишкекке келди

Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Имран Хан бүгүн, 13-июнда, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди.

«Манас» эл аралык аэропортунан Пакистандын Премьер-министрин Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров тосуп алды.
Имран Хан сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугушат.