Жаңылыктар
“Манас” операсы эки күн тең аншлаг менен өттү
Маданият
“Манас” операсы эки күн тең аншлаг менен өттү

 

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик визитинин алкагында Бишкекте Кытайдын Борбордук опера театры койгон “Манас” операсы эки күн тең аншлаг менен өттү. 

Көрүүчүлөрдүн жогорку баасына татып, тарыхый байланышы бар эки мамлекеттин маданий алакасы канчалык бийик деңгээлге чыкканын далилдеди.

11-12 июнь күндөрү Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театры көрүүчүлөргө толуп турду. Кытайдын маданият жана туризм министрлигинин колдоосу менен Кытайдын Борбордук опера театры “Манас” операсын тартуулады.