Жаңылыктар
Кыргыз-кытай ишкерлери катышкан бизнес форум ийгиликтүү аяктады
Экономика
Кыргыз-кытай ишкерлери катышкан бизнес форум ийгиликтүү аяктады

 

Кыргызстан менен Кытайдын ишкерлери катышкан бизнес форумда 25 документке кол коюлду. Анда камтылган долбоорлорду ишке ашырууга 7 миллиард 700 миллион доллар жумшалат. Инвестиция айыл-чарба, тоо-кен, курулуш жана башка тармактарга тартылаары күтүлүүдө.

Эки өлкөнүн ишкерлеринин форумуна расмий өкүлдөр менен бирге 300дөй адам катышты. Кыргызстан менен кызматташууга ниет кылган Кытайдын 80ден ашык компаниясынын жетекчилери келди. Өкмөт аларга өлкөдө инвестициялык шартты жакшыртууга зарыл болгон бардык чаралар көрүлүп жатканын билдирди.